Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Темир жолчулар 5 саатка иш ташташты


Бүгүн саат 10дон тарта "Кыргызтемиржол" ишканасынын жумушчулары 5 саатка иш ташташты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган улуттук компаниянын профсоюз комитетинин жетекчиси Эрнис Докенов билдирди. Анын айтымында, темир жолчулар Жогорку Кеңештин депутаттары Нарынбек Молдобаев жана Равшан Сабировдун демилгеси менен түзүлгөн комиссиянын ишине нааразы. Комиссия "Кыргызтемиржолдун" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн. Бирок бул жерде депутаттардын жеке кызыкчылыгы бар деген ойлор айтылууда. Комиссияга нааразы болгон эки миңдей адам учурда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүп жатышат. Бишкектеги темир жол вокзалынан алынган маалыматка караганда, бүгүнкү иш таштоо поезддердин жүрүүсүнө залакасын тийгизбейт. Мурда пландалган жадыбал боюнча поезддер каттамын уланта берет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG