Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Кочкор менен Жумгалда балдар чатырда окуп жатышат


Нарында табигый кырсыктардан жапа чеккен Кочкор жана Жумгал райондорунун айрым айылындарда мектеп окуучулары чатырда окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, 3-4 жылдан бери Жумгалда жана Кочкордо жер титирөөдөн жана жер астынан чыккан суулардан жапа чеккендер мамлекеттен тиешелүү жардам ала албай келишет. Жалпысынан 310 турак үй жардам алган жок. Ал эми быйыл 9-апрелде Жумгалда болгон жер титирөөдөн 55 үй, фельдшердик-акушердик пункт жана мектеп жапа чеккен. (RK)

XS
SM
MD
LG