Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Ливия: Өткөөл кеңеш Сирт районунда ийгиликтерге жеткенин айтууда


Ливиянын жаңы бийликтеринин айтымында, куулган лидер Муаммар Каддафинин кичи мекени Сирт бир нече күндө колго алынышы мүмкүн.
Ливиянын өткөөл өкмөтүнүн коргоо министринин орун басары Фаузи Абу Катафдын айтымында, аскерлер аймактан жергиликтүү жайкын тургундар чыгып кетсин деген үмүттө толук күч менен Сиртке бастырып кирбей турат.

Жума башында өткөөл кеңештин аскерлери Сирт шаарынын четиндеги Абу-Хадини өз көзөмөлүнө алган. Бул Каддафинин тарапкерлери коргонуп жаткан аймакты үч тарабынан курчоого алууга мүмкүнчүлүк түздү.

XS
SM
MD
LG