Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Дүйнө: Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн 80 пайызы эркектер


Борбордук Америка менен Африкада жылына адам өмүрүнө эң көп кыянаттык жасалат. Бул жөнүндө БУУнун маңзаттарына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү департаменти билдирди.

Уюмдун изилдөөсү боюнча, былтыр дүйнө жүзүндө 500 миңге жакын адам киши колдуу болуп өлгөн. Алардын 36 пайызы Африкада, 31 пайызы Түштүк, Ортолук жана Түндүк Америкада өлтүрүлгөн. Бул көрсөткүч Европада 5 пайыздан ашпайт.

Батыш өлкөлөрү менен Азияда адам өлтүрүү азайып баратат. Бирок Кари бассейнинде өтө коркунучтуу деңгээлге жеткен.

Дүйнөдө орточо 100 миң адамга 6,9 киши өлтүрүү туура келет. Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн 80 пайызы эркектер. Ал эми үй-бүлө чатагында көбүн эсе аялдар жабыркайт.

XS
SM
MD
LG