Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чыналиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган чечим Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында аталган фракциянын депутаты Талантбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Чыналиевдин ишмердүүлү боюнча көптөгөн нааразычылыктар, арыздар келип түшүүдө. Элчиге кире албай, маселесин чече албагандардан түшкөн арыздардын саны 400-500 деди депутат. "Жакында депутаттар Москвага барып, элчинин кабылдамасында олтуруп, кире албай, белек катары алып барган калпагын кайра көтөрүп келишиптир. Депутаттарга ушундай мамиле болуп жатса, жөнөкөй адамдар жөнүндө эмнени айтса болот", - деди депутат Узакбаев.
Ал эми элчи Улукбек Чыналиев 5-октябрда өлкө жетекчилигине жолдогон билдирүүсүндө анын жана элчиликтин дарегине айтылган сынды негизсиз деп атады. Анын айтымында, элчиликке кайрылгандарды кабыл алуу мурда бир эле жерде жүргүзүлүп келсе, сентябрдан бери 9 "терезе" иштеп жатат. Консулдуктун алдында мурдагыдай көп сандагы кезекте тургандар жок. Күн сайын элчилик 120-200 кыргызстандыкты кабыл алып, орус жана кыргыз тилдеринде иш алып барууда. Чыналиев элчиликти текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүүнү сунуштады. (RK)