Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Балкан өлкөлөрү Ооганстанга аскерий инструкторлорду жиберет


Балкан өлкөлөрүнүн бир тобу Ооганстанга аскерий полицияны машыктыруу үчүн орток команда жөнөтүшөт. Бул жөнүндө Албания, Босния, Хорватия, Черногория жана Словениянын коргоо министрлеринин бүгүнкү кездешүүсүндө макулдашылды. Алар Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн курамына жөнөтүлөт. НАТО Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктырууну жана каруу-жарак менен камсыздоону өзүнүн негизги милдеттеринин бири деп санайт.

Азыр Ооган армиясы менен полициясынын саны 306 миң. Келерки жылы алардын саны 360 миңди түзөт деп мерчемделген.

XS
SM
MD
LG