Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Жарыштан четтетилгендер кайрадан сотко кайрылышат


Кыргызстандын Боршайкому президенттикке талапкер кылып каттоодон экинчи жолу баш тарткандар Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылганы турушат. Бул тууралуу жарыштан четтетилген Калыбек Арабаев “Азаттыкка” билдирди. Алар БШК кол тамгаларды кайра саноого акысы жок болчу деген жүйөөнү карманып жатышат.

Буга чейин БШК сегиз адамдын кол тамгаларын кайрадан текшерип чыгып, кечээки отурумунда төрт талапкерди каттоодон өткөргөн. Ал эми Токтайым Үмөталиева, Калыбек Арабаев, Салморбек Дыйканов жана Уланбек Сооданбековду каттоодон баш тарткан. Натыйжада ушул тапта президенттикке талапкерлердин саны 23тү түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG