Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Политковскаянын киши колдуу болгонуна 5 жыл толду


Бүгүн орусиялык “Новая газета” гезитинин кабарчысы, журналисттик талант менен тайманбастыктын каарманы Анна Политковскаянын киши колдуу болгонуна 5 жыл толду.

Журналист Түндүк Кавказдагы жаңжалды чагылдырып келген. Политковскаянын кесиптештери Facebook социалдык тармагында анын баракчасын ачууну ниет кылып жатышат. Гезиттин редактору Дмитрий Муратов Москвада редакциянын имаратында Анна Политковскаянын ардак тактасын орнотууну пландап жатканын билдирди.

Журналист Анна Политковскаянын киши колдуу болуп өлтүрүлүшү боюнча тергөө аяктай элек. 2009-жылы Москва аймактык аскердик соту бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан 3 кишини актаган чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG