Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:35

Бин Ладенди тапкан доктурду соттоо керектиги айтылды


Америкалык чалгын кызматына “ал-Кайиданын” лидери Усама бин Ладенди табууга көмөктөшкөндүгү үчүн айыпталып жаткан Шакиля Афридди Пакистандын өкмөттүк комиссиясы “мамлекеттик чыккынчы” катары соттоо керек деп билдирди.

Май айында “ал-Кайиданын” лидери Усама бин Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында америкалык атайын операцияда өлтүрүлөрү менен Пакистандын атайын кызматтары Афридди камакка алган.

Ошол учурда АКШ жана Пакистандын өкүлдөрү дарыгер Африд борбордук чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен бин Ладендин ДНКсынын үлгүсүн табуу үчүн шаарда эмдөө иштерин жүргүзгөн деп билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, Шакиля Африддин адвокаты жок.

XS
SM
MD
LG