Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Г.Павлюктун өлүмү боюнча Алматы соту 11-октябрда өкүм чыгарат


Геннадий Павлюк
Геннадий Павлюк
Казакстанда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун иши боюнча сот өкүмүн 11-октябрда чыгара турган болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак редакциясына Алматыдагы соттон билдиришти. Павлюкту "өлтүрүүгө катышкан" деген айып менен казакстандык эки, кыргызстандык бир жаран соттолушууда. Геннадий Павлюк 2009-жылдын 16-декабрында Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен колу-буту байланган бойдон жерге ыргытылган. Анын жакындары жана кесиптештери муну журналисттин иши менен байланыштырып келишет. Тергөөчүлөр болсо Павлюктун өлүмүн “саясий буюртма” деп атоодон баш тартышты.

 

XS
SM
MD
LG