Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Карзай: 10 жылдан бери Ооганстанда тынчтык орнотулбады


Ооган өкмөтү менен НАТО талиптер бийликтен куулган 10 жылдан бери Ооганстанда коопсуздукту камсыздай алышкан жок. Бул жөнүндө президент Хамид Карзай АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы операциясынын 10 жылдыгын утурлай Би-Би-Сиге курган маекте айтты:

- Биз ооган элинин коопсуздугун камсыздоодо өтө үзүрсүз иштерди жасадык. Бул Ооганстан өкмөтү менен анын эл аралык өнөктөштөрүнүн аябай зор кемчилиги.

Карзай Пакистанды согушчандарды колдоду деп күнөөлөп, алардын Пакистан жериндеги жабыттарын жок кылуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Мурдараак Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн мурдакы командачысы Стэнли МакКристал АКШ Ооганстандагы кырдаалды терең билбей туруп согуш баштаган жана аны кантип бүткөрүүнүн айласын таппай жатат деп билдирген.

Генерал МакКристалдын сөзүнчө, АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары алдыга койгон максаттарынын тең жарымын да аткара албады.

XS
SM
MD
LG