Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

ИИМ: Көлбаев Кыргызстанга бүгүн келген жок


Кыргызстанга 8-октябрь таңында келет деп күтүлүп жаткан Камчы Көлбаев Бишкекке келбегенин ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев "Азаттыкка" кабарлады. Кылмышкер катары издөө салган Көлбаев үй-бүлөсү менен чогуу бүгүн эртең менен Дубайдан Кыргызстанга келерин кечээ анын адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттыкка" билдирген болчу. Адвокаттын айтымында, Көлбаев өзү ага карата кыргыз милициясы тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген айыптоосу боюнча кабардар. Бул жактан ал камакка алынышы мүмкүн экенин билет жана өзүнө карата айыптоолор боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев өз эрки менен эмес, Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги депортациялап, Кыргызстанга келип түшөөрү менен камакка алынарын мурдарак "Азаттыкка" айткан.

Июль айында Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү деп шектелген Алманбет Анапияев менен Адилет Касенов Абу-Даби шаарында дүкөн тоноду деген шек менен кармалышкан. Бирок кийин кайра бошотулушкан. АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу ири наркобарондордун "кара" тизмесине киргизген. (ЕК)

XS
SM
MD
LG