Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:22

Ошто “террорчу” деп шектелген бир адам өлтүрүлдү


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Бүгүн Ошко жакын Кара-Суу шаарында “террорист” деп шектелген адамдардын тобуна каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин атайын операциясы болду. Анын натыйжасында шектелген адамдардын бири өлтүрүлгөнүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен билдиришти. Бирок кеңирирээк маалымат алууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Биздин Оштогу кабарчыбыздын айтымында, Оштон Кара-Сууга кире бериштеги жол тосулган, унааларды укук коргоо органдары тыкыр текшерүүгө алышууда. Бир нече блок-посттор коюлганы тууралуу да маалымат бар.

Бүгүн “Рейтер” маалымат агенттиги Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы жана атайын кызматтарындагы булактарына шилтеме жасап, “Ошто террористтердин киришине бөгөт коюлганы” тууралуу кабарлаган. Андагы кабарга караганда, белгисиз адамдардын тобу бир маршруткада адамдарды барымтага алышкан. Операция учурунда маршруткадагы 15 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркабаганы маалымдалды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG