Бул тууралуу 9-октябрда Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева билдирди. Анын айтымында, шаардагы УШКлардын ыкчам топтору тизмелерди аныктоо максатында шайлоочулардын идентификациялык номерлерин сурашууда. Кечээ, 8-октябрда эки УШКга караган шайлоочулар аларга паспортторун бербей жана көрсөтпөй коюшкан. Төрайымдын айтымында, шайлоочулардын тизмелери алардын паспортундагы идентификациялык номерлери (ОМСтери) көчүрүлүп, жазылганда гана так болот жана анын мындан кийин болуучу шайлоолордогу тизмелердин чаташуусунан арылтат. (YA)