Beatles тобунун мурдагы мүчөсү сэр Пол Маккартни бүгүн америкалык актриса Нэнси Шивеллге үйлөнүп жатат. Бул – Маккартнинин үчүнчү жолу үйлөнүшү. Баш кошуу жөрөлгөсү Лондондо Маккартни 1969-жылы биринчи жубайы Линда Истман менен никеси кыйылган жерде өтүүдө. 1998-жылы Истман рак ооруусунан каза болгон. Экинчи жубайы Хезер Миллс менен Маккартни 2006-жылы ажырашып кеткен. Бул ирет ырчынын тою эң жакын туугандары жана досторунун катышуусунда гана өтүүдө. Ага болгону 30 адам чакырылганы айтылды. Пол Маккартнинин үйлөнүү үлпөтү Beatles тобунун мурдагы солисти, 1980-жылы киши колдуу болгон Жон Леннондун туулган күнүнө туш келди. Бүгүн Леннон 71 жашка чыкмак.