Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Ала-Бука акиминин тарапкерлери митингге чыгышты


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун акими Улан Баймырзаевдин бошотулушун талап кылган митинг учурда райондук акимиаттын алдында өтүп жатат. Чогулгандардын саны миңге жакын адам экенин "Азаттыкка" митингдин катышуучусу Зейнеп Койчуманкулова билдирди. Митингчилер акимиаттын кире беришин тосуп, эч кимди кое бербей жатышканы айтылууда.

Койчуманкулованын билдиришинче, Улан Баймырзаев Ош шаарында пара алды деген шек менен кармалып, учурда тергөө абагында жатат. "Баймырзаев пара алды дегенге ишенбейбиз. Аны атаандаштары каматып коюшту. Ал былтыркы улут аралык жаңжалда эки элди элдештирүүгө чоң салым кошкон", - дейт ал.

Баймырзаевге коюлуп жаткан күнөө боюнча күч органдарынан азырынча комментарий бериле элек. (RK)

XS
SM
MD
LG