Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Жаштар жаңжалды жөнгө салууга үйрөнүшөт


Ачык коом институту жаштардын жаңжалдарды жөнгө салуудагы ролу боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Аталган институттан "Азаттыкка" кабарлашкандай, долбоорго республиканын бардык аймактарынын жаштар уюмдары, студенттер катыша алышат. Атайын даярдыктан өткөн окутуучулар аларга ар кандай мүнөздөгү, мейли үй-бүлөдө, мейли коомдо жаңжалдар чыгып калса, жөнгө салуунун жолдору тууралуу айтып беришет. Тренингдин катышуучулары жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча адистер, парламенттин депутаттары, саясат таануучулар жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушат. Ноябрда башталган долбоор жарым жылга созулат. 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 400дөй адам набыт болгон. Чек ара аймактарында жайгашкан калк арасында да жер, суу маселелери боюнча чыр-чатактар чыгып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG