Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Балдары ВИЧке чалдыккандар тажрыйба алмашууда


Балдары ВИЧке чалдыккан ата-энелердин Ош облусундагы уюмунун өкүлдөрү Румынияга барып тажрыйба алмашып келишти. Бул тууралуу "Эдвокаси борбор" маалымдайт. Алар румыниялык дарыгерлер, психологдор, социологдор жана бул оор илдетке чалдыккан балдар, алардын жакындары менен жолугушуп кайтышты.

Республикалык СПИД борборунан "Азаттыкка" маалымдашкандай, учурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын саны 185. Алардын арасынан 23 бала бир жарым жашка чейинкилер. Бир жарым жаштан 4 жашка чейинкилердин саны 134. Ал эми беш жаштан 14 жашка чейинки балдар - 28.

Балдарынын айыккыс илдетке чалдыкканын ачык айтуу, күн сайын эки маал дары ичүүсүн талап кылуу, коомдун мамилесинен чоочулоо, жугузуп алуудан сактап калбаганы үчүн өзүлөрүн күнөөлүү сезүү ата-эне үчүн негизги көйгөй экени айтылууда.

1986-1991-жылдары Румынияда медициналык мекемелерде жаткан 10 миңдей балага ВИЧ жугузулган. Алар менен иштөө боюнча бул өлкөнүн тажрыйбасы чоң. (RK)

XS
SM
MD
LG