Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Мадумаров сузактык шайлоочулар менен жолукту


Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. "Азаттыктын" кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, Сузак айылында өткөн жолугушууда Мадумаров шайлоонун калыс өтөөрүнө ынанбай тургандыгын, шайлоочулар таза адамды тандабай, акча, тамак жана кызмат берген талапкерлерга сатылып кетишээрин билдирди. Талапкерге былтыркы июнь коогалаңында соттолгон сузактыктарды бошотуу талабы да коюлду. Мадумаров эгер эл макул болсо, бозгунда жүргөн экс-президенттер Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү оюн бекемдеди. Президенттикке талапкерлер үгүт иштерин улантып жатышат. Шайлоо 30-октябрда болот.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG