Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда президенттик шайлоодо колдонула турган бюллетендин формасын бекитти. Ага ылайык, бюллетен кадимки A4 барагынын өлчөмүнө жакын. Бирок узундугу 34 сантиметрдин тегерегинде болот. Андагы жазуулар 14-шрифт менен жазылат. Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартып алууга тыюу салынат. Ал эми бул бюллетендер канча көлөмдө, качан басылып чыгаары азырынча ачыктала элек. Шайлоо 30-октябрда болот. (KKS/RK)