Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

ЕБ Беларус, Иран кызматкерлерге санкцияны кеңейтти


Бүгүн Люксембургда өткөн жыйында биримдиктин тышкы иштер министрлери виза берилбей тургандардын жана аманаттары менен операциялар токтотулган беларус жарандарынын тизмесине дагы 16 кишини киргизди. Учурдагы санкциялардын мөөнөтү ушул айда бүтмөк.

Евробиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон жыйындын алдында Беларустагы бардык саясий айыпкерлерди бошотууну талап кылды:

- Бул айыпкерлер бошотулуп, акталышы керек деген тынчсыздануубузду билесиңер, ошол эле убакта биз Беларустун эли менен байланыштын үзгүлтүккө учурашын каалабай тургандыгыбыз да белгилүү.

Иран боюнча биримдик дагы 29 кишини кара тизмеге кошту.

XS
SM
MD
LG