Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Ош: ВИЧке кабылгандар cоциалдык коргоого муктаж


Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов 10-октябрда Ош шаарында ВИЧ илдетине кабылган адамдар жана алардын жакындары менен жолукту. Анда ВИЧтен жабыркагандардын социалдык муктаждыктарын жоюу, шаалакылыктын айынан ооруну жуктурган дарыгерлерди жоопко тартуу маселелери талкууланды.

Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, Ош облусунда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын саны 185. Алардын арасынан 23 бала бир жарым жашка чейинкилер. Бир жарым жаштан 4 жашка чейинкилердин саны 134. Ал эми беш жаштан 14 жашка чейинки балдар - 28.

Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандар 3 миңге чамалап калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG