Украинанын баш калаасы Киевде өлкөнү башкаруучу “Региондор” партиясынын өкүлдөрү Крещатик көчүндө, Печер сотунун каршысында “Жетишет” деген жазуулары менен өзүлөрүнүн белгилери бар чатырларды орнотууда. Бүгүн Печер соту Украинанын мурдакы премьер-министри Юлия Тимошенкого байланыштуу соттун өкүмүн угузат.
«Юлии Тимошенко - Батькивщина блогу» фракциясынын депутаты Юрий Одарченко «Интерфакска» маалымдап, милиция аларга тоскоолдук кылган жок деп кошумчалады.
Ошол эле учурда Тимошенконун таламдаштары да түндү Печер сотунун алдында өткөрүү үчүн чатырларды орнотуп жатканы маалымдалды. Прокуратура Юлия Тимошенкого өкмөт башчысы болуп турган учурда Орусия менен газ келишиминде өлкөгө олуттуу чыгым алып келген деп 7 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Оппозиция болсо бул саясий өңүттөгү куугунттук экенин айтууда.