Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Дүйшөбаев: Шайлоо алдында теракт жасаганы жаткандар кармалды


Шайлоо алдында Бишкекте жана республиканын түштүк облустарында бир катар террордук чабуул жасаганы жаткан топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Аталган топ 8-9-октябрда Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган. Шектүү делген 11 адам камакка алынып, дагы 8и издөөдө. Кылмыштуу топтун катарында кыргыз, тажик, өзбек жана уйгур улутундагылар бар экени аныкталды. Алардан курал-жарак жана радикалдуу диний мазмундагы китептер алынды. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG