Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Узаков: "Таблигы жамаат" диний уюму кооптондурууда


Ошто "Таблигы жамаат" деп аталган диний уюм кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймак боюнча жетекчиси Курбаналы Узаков билдирди деп кабарлайт "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Эрнист Нурматов. Узаковдун белгилешинче, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусияда экстремисттик деп аталган "Таблигы жамаат" Кыргызстанда ээн эркин иш кылып жүрөт.

"Алардын саны барган сайын арбып баратат. Өлкө боюнча мүчөлөрүнүн саны 12 миңге жетти. Биз азырынча алар эмне иш кылып жатканын так билбейбиз. Балким алар өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтире турган иштерди жасап жаткандыр", - дейт Узаков. Ошого байланыштуу жакынкы 3 айдын ичинде бул уюмдун иш аракеттери тыкыр текшерүүгө алынып, шектүү жагдайлар байкалса, иштөөсүнө тыюу салынат.

Ал эми облустук казыят "Таблиги жамааат" учурда баардык райондордо даават иштерин жүргүзүп жатканын айтып, алардын иши коомчулукка анчалык кооптуу эмес экендигин билдирүүдө. Маалым болгондой, Кыргызстанда 9 диний уюмга экстремисттик маанайда болгону үчүн тыюу салынган. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG