Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Абдирасулова: Милиция боюнча эч нерсени өзгөртө алган жокпуз


Ички иштер министрлигинде түзүлгөн коомдук байкоочу кеңеш милициянын ишинде азырынча эч нерсени өзгөртө алган жок. Мындай оюн "Азаттыкка" байкоочу кеңештин төрага орун басары, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Анын пикиринде, мыйзам алтын тамга менен басылган күндө да ал аткарылбаса, эч кандай реформа болбойт, милиция менен эл жакындабайт.

"Азыркы мыйзамда деле милициянын ишин жөнгө салган нормалар бар, бирок алар аткарылбай жатат. Ар бир кызматкердин ишине көзөмөл керек жана алардын жоопкерчилигин жогорулатыш керек", - деди Абдирасулова.

Анын айтымында, байкоочу кеңеш учурда төрт багытта иш алып барууда: мыйзам багытында, кармалгандар боюнча, кадр маселеси жана кварталдык полиция боюнча.

"Биз азырынча байкоо, сүйлөшүү менен гана чектелип жатабыз. Бир нерсени өзгөртүп жибердик дегенден алысмын. Бирок жолугушууларды өткөрүп, жабык жайларга барып кабар алып турганга мүмкүнчүлүк алдык", - дейт укук коргоочу.

Учурда 2012-2015-жылдарга карата Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо концепциясы талкууланып жатат. Мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештери былтыр күздөн тарта түзүлө баштаган. Алардын курамына сөзсүз түрдө жарандык коом өкүлдөрү кирген. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG