Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Абышев талапкер болуп катталбай калды


Президенттикке аттанган Аскарбек Абышев шайлоого катышуу укугуна ээ боло албай калды. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Жогорку Сот БШКнын ал боюнча токтому негиздүү болгон деген чечим чыгарды. Абышев кыргыз тил боюнча сынактан өтпөй калып, маарадан четтетилген болчу. Кыргыз президентин шайлоо 30-октябрда болот. Ага катышуу үчүн ат салышып жаткандардын саны 21 талапкер. (RK)

XS
SM
MD
LG