Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Түптө комиссия мүчөлөрү иштөөдөн баш тартып жатышат


"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы Мария Колесникованын маалымдашынча, Түп райондук шайлоо комиссиясынын көп мүчөлөрү арыз жазып, кетип жатышат.

Бул боюнча маалымат берген Түп райондук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жоомарт Барыктабасаовдун айтымында, резервдегилердин саны да азайып баратат.

"Кээ бирлеринин балдары, кайын энелери ооруп калганынан арыз жазып жатышат. Айрымдары болсо мүчөлүккө жазылып калгандарын өзүлөрү да билбейт экен. Ал эми айрымдары партиялаш талапкерлери шайлоого катышуудан баш тартып жатканынан улам иштебей эле коюуну чечишиптир", -деди Барыктабасов.

Түптө 39 участкалык шайлоо комиссиясы бар. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG