Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Нарында кыздардын кыргыз-түрк лицейи ачылат


Нарын шаарында кыздардын кыргыз-түрк лицейи ачылат. Бул тууралуу мэр Баатырбек Жээналиев “Азаттыкка” билдирди. Нарындагы М.Субакожоев атындагы балдар кыргыз-түрк лицейинин мүдүрү Халил Көч имарат салганга жер сурап шаар бийлигине кайрылган. Мэр шаардагы 5-6 жерди сунуштаган. Атайын түзүлгөн комиссия чечим чыгарган соң, имарат салына баштайт. Курулуш иштерин Бельгиядагы, Франциядагы түрк демөөрчүлөр колдоп жатканын кабарчыбыз Эркингүл Бокоева билдирди. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG