Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Таласта шайлоочулар тизмесин тактоо кыйын болууда


Таласта шайлоочулардын тизмесин тактоодо кыйынчылыктар болуп жатат. Бул туралуу Талас облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлнара Избасарова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, мобилдик топтор шайлоочулардын тизмесин тактоодо жарандардын мыйзамды билбей, паспортторундагы өздүк номурун айтпай жаткандыгы тоскоол болууда. “20-октябрга чейин шайлоочулар өзү тизмеде бар-жогун тактап алса болот”, - деп кошумчалады Гүлнара Избасарова. Облус боюнча 116 участкалык комиссиясы бар. Шайлоочулардын саны 120 миңден ашуун адам экенин кабарчыбыз Мирбек Айтикеев кабарлады. (MbA)

XS
SM
MD
LG