Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кыргызстан ядролук куралды жайылтпоо боюнча дагы бир кепилдик берди


Жогорку Кеңеш ядролук куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге байланыштуу кепилдиктер боюнча кошумча протоколду ратификациялады. Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүнкү отурумда кабыл алынды. Кыргызстан менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) ортосундагы келишим 2007-жылдын 29-январында Вена шаарында кабыл алынган. Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимге Кыргызстан 1994-жылдын 5-июлунда кошулган. Бүгүн парламентте кабыл алынган документ Кыргызстандын ядролук куралсыз өлкө экенин, бул багыттагы саясаты туруктуу экенин дагы бир жолу тастыктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG