Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Генарал Молдошевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талап кылынууда


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү деп камакка алынган Замир Молдошевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү керек.

Бул тууралуу анын адвокаты жана туугандары Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, тергөө ишиде мыйзам бузуулар орун алууда. Адвокат Кантемир Турдалиевдин айтымында, 5-октябрда Бишкек шаардык соту 13-октябрдан тарта Молдошевдин баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча чечими чыккан. Эки күндөн кийин тергөөчү Турат Жусуповдун өтүнүчү боюнча Биринчи Май райондук соту Молдошевди 9-ноябрга чейин убактылуу кармоо жайында калтыруу боюнча чечим чыгарган.

“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, учурда Ошто жана Жалал-Абадда Молдошевди камактан бошотууну талап кылган митингдер өтүүдө. Ушундай эле митинг бүгүн Бишкекте да уланаарын анын туугандары маалымдашты.

Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулаймановдун күйгөн сөөктөрү 2009-жылдын март айында Бишкектин четинде табылган. Мурда күч органдары алардын өлүмүн кадимки жол кырсыгы менен байланыштырып келишкен. Жакында бул буюртма өлүм болгону, ага мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев шектелип жатканы жана 16 адам камакка алынганы айтылды. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG