Коомдук телерадиокорпорацияда (КТРК) бүгүн жаңы санариптик телестудиянын ачылышы болду. Аземге президент Роза Отунбаева катышты. Жаңылыктар көрсөтүлүүчү студия 1993-жылдан бери жаңыланган эместиги айтылды.
Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда корпорация үгүт материалдары үчүн алган акыдан түшкөн 400 миң долларга жаңы жабдуу сатылып алынганын КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев айтты.
Президент Роза Отунбаева радионун жаңыланган 5-аппарат бөлүмүн, концерттик студияны да көрүп чыкты. Жамаат менен жолугушуу учурунда өлкө башчысы Кыргызстандын демократиялык жактан өнүгүүсү жана калыптануусунда КТРКнын ролу чоң экенин айтты.
2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийинки бийлик алмашуудан соң мамлекеттик телерадиокорпорация (мурдагы УТРК) коомдук сыналгы жана үналгы компаниясы (КТРК) болуп өзгөргөн.
Анын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн байкоочу кеңеш түзүлгөн.
Мурда корпорациянын жетекчисин жеке мамлекет башчысы гана дайындап келсе, эми аны коомдук кеңеш тандайт. Коомдук кеңештин курамына сөзсүз түрдө жарандык коом өкүлдөрү кирген. (RK)