Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бабанов: Бажы биримдигине кирүүдө биздин кызыкчылык эске алынышы шарт


Бажы биримдигине кирүү маселеси тууралуу сөз болгондо биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыктарынын сакталышы шарт. Бул тууралуу учурда "Азаттыктын" интернет-эрөөлүнө катышып жаткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. "Бажы биримдигиндеги өлкөлөр биздин соода-сатык боюнча шериктештерибиз. Ооба, чек араларда биздин жарандар көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Балким эгер Бажы Биримдигине кирсек, айрым проблемалар чечилет. Бирок Дордой, Кара-Суу базарларында соода кылган биздин жарандардын кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Өз шарттарыбызды айтышыбыз керек", - деди Бабанов. Бажы Биримдигине Орусия, Казакстан жана Беарус. кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG