Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Бабанов: Шадиев күнөөлүү болсо, жоопко тартылат


Эгерде Аскарбек Шадиевдин күнөөсү болсо, ал жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" интернет-эрөөлүндө айтты. Окурмандын "Баткендеги кара май аткезчилигине Баткендин уулу, сиздин досуңуз, энергетика министри Аскарбек Шадиевдин да тиешеси бар" деген суроосуна ал ушинтип жооп берди.

Орусиядан Кыргызстанга ташылып келинген кара май Баткен аркылуу коңшу Тажикстанга мыйзамсыз жол менен чыгып кетип жатканы боюнча маселе быйыл курч болду. Бабановдун айтымында, өкмөттүн койгон катуу талабынан кийин жергиликтүү бийликтегилердин айрымдары кызматтан четтетилди. "Учурда кара май аткезчилиги токтоду", -дейт Бабанов. (RK)

XS
SM
MD
LG