Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Украинада Юлия Тимошенкого жаңы кылмыш иши ачылды


Бул тууралуу бүгүн Украинанын Коопсуздук кызматы жарыялады. Жаңы кылмыш иши Юлия Тимошенко 1990-жылдары өкмөттүк ишкананы жетектеп турган кез менен байланыштуу.

Украин Коопсуздук кызматынын башкы тергөөчүсү Иван Деревянконун кабарчыларга айтканына караганда, Тимошенко Украинанын Бирдиктүү энергетика системасынын президенти болуп турган кезде 405 миллион долларды өзүнө ыйгарып алган деп шектелүүдө.

Мындан эки күн мурда Тимошенко Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган.

Соңку шайлоодо учурдагы президент Виктор Янукович менен атаандаш болгон Юлия Тимошенко өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук катары санайт. Кылмыш иш саясий жүйөгө негизделгенин мурдагы премьер-министрдин жактоочулары, эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрү белгилеген.

XS
SM
MD
LG