Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Британия Иран боюнча АКШ, Сауд Аравия менен иштешет


Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин билдирүүсүнө караганда, анын өлкөсү Иран Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчисинин өмүрүнө кол салуу боюнча кутумду колдогонуна эл аралык жоопту макулдашуу үчүн АКШ жана Сауд Аравия менен бирге иштешет. Хейг бүгүн парламентте сүйлөгөн учурунда мындай деди:

- Бул жийиркеничтүү кутум. Иран режиминдеги элементтер тарабынан башкарылып, ага Революциялык сакчылар корпусундагы "Кудс" күчтөрүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрү тартылганынын белгилери бар. Эгер мындай болсо, бул Иран террорго демөөрчүлүк кылууну өз чегинин тышында олуттуу күчөткөнүн көрсөтүп жатат.

Ушул аптада АКШ бийлиги теги боюнча ирандык эки кишиге Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейирди өлтүрүү максатында Иран бийликтери менен кутумга барган деген айып койгон. Кутумдун бети ачылганын АКШ 11-октябрда жарыялаган.

Сауд Аравия бул кутумга байланыштуу “чечкиндүү чараларды” караштырып жатканын билдирсе, АКШ Иранды мындан ары да изоляциялоонун жолун башка мамлекеттер менен талкуулап жатканын айтууда.

Ал эми Иран АКШ жарыялаган кутумду америкалыктардын көңүлүн экономикалык көйгөйлөрдөн буруу үчүн ойдон табылган иш катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG