Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

"Мунапыс": Каддафинин жактоочуларынын укугу бузулууда


Мындай билдирүүнү эл аралык "Мунапыс" уюму таратты. Алардын маалыматына караганда, Ливиянын бийликтен кулатылган лидери Муаммар Каддафи үчүн согушкан деген шек менен кармалган миңдеген адамдар соңку айларда Утурумдук өкмөттүн күчтөрү тарабынан кыйноого алынганынын далилдери бар. Укук коргоо уюму бүгүн тараткан билдирүүсүндө өзгөчө Каддафи тарапта согушкан деп шектелген африкалыктар кыйноого алынганы белгиленет.

Уюм Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешин башаламан камоолорду жана түрмөдөгүлөрдүн укугун бузууну токтотууга чакырган. Эл аралык "Мунапыстын" баяндамасы алар быйыл август айынын ортосунан сентябрдын ортосуна чейин 11 абактан 300дөй адамдан алынган маектерге негизделген. Уюмдун айтымында, Улуттук өткөөл кеңеш бул маалыматтарга көңүл бурууну убада кылды.

XS
SM
MD
LG