Таласта Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Коппер Голд” компаниясынын лагеринин өрттөлүшүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү. Ага Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери кирди. Бул тууралуу 13-октябрда өкмөттөгү жыйында айтылды. Анда вице-премьер-министр Шамил Атаханов мындай окуялар кайталанбашы үчүн жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.
“Коппер Голддун” чатырын 8-октябрь түнү белгисиз адамдар өрттөп кеткен. Аталган компаниянын ушул эле лагери жылдын башында, март айында да өрттөлгөн болчу. (EBM)
“Коппер Голддун” чатырын 8-октябрь түнү белгисиз адамдар өрттөп кеткен. Аталган компаниянын ушул эле лагери жылдын башында, март айында да өрттөлгөн болчу. (EBM)