Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Атамбаев Кочкордо шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү


Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев 13-октябрда Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анын шайлоо штабынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жолугушууда “Акыйкат” жана “Мекен ынтымагы” партиялары Атамбаевдин талапкерлигин колдой турганы ачыкталды.

Буга чейин “Республика”, “Ак шумкар” ”Ата Мекен”, “Замандаш” партияларынын жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жетекчилери менен өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевге тилектеш экенин расмий билдиришкен.

Шайлоо 30-октябрда болот. Ага катышып жаткан талапкерлердин саны 20 чакты адам. (RK)

XS
SM
MD
LG