Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Кыргызча сүйлөгөн алгачкы куурчактар чыкты


Кыргызча сүйлөгөн алгачкы куурчактар чыгарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды. Долбоор "Этнос" деп аталган киностудия тарабынан ишке ашырылды. Киностудиянын жетекчиси Рысбек Жабировдун айтымында, кыргыз куурчактардын аттары Акыйкат жана Ислам нуру. Экөө тең уул балдар. Акыйкат Кыргызстандын Гимнин, "Мамалак" деген ырды жана рэп аткарат. Ислам нуру намаз окуганды билет. Кыргыз куурчактарынын ар бири 10 миң нускада Кытайда жасалды. Баасы 300 сомдон боло турган куурчактарды ноябрь айынан тарта сатыкка чыгаруу пландаштырылып жатканы айтылды. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG