Жогорку Соттун окуу борборунда жергиликтүү судьялыкка талапкерлер 5 айлык окуудан өтүштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдайт. Анын айтымында, окуунун практикалык бөлүгүндө соттордун күнүмдүк ишине катышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Каржылык жардам Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлдү. Окууга юридикалык билими бар, кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иштеген адистер катышты. 287 талапкердин арасынан 36сы гана тандалып алынган болчу. Окууга судья болуп иштегендер катыша алган жок. Долбоордун алкагында соттордо иштөө тажрыйбасы жокторду гана окутуу каралган. (RK)