Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Президент Ошто шайлоо учурунда тартиптин сакталышын талап кылды


“Былтыркы трагедиялуу окуялар боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Өлкөнүн тартип коргоо органдарынын алдында араздашууну болтурбоо, шайлоо учурунда ага жол бербөө, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча абдан жоопкерчиликтүү милдет турат”. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Ош шаарында өткөн жыйында айтты. Ага республиканын түштүк аймагынан укук коргоо органдарынын жетекчилери жана судьялары катышты.

Президент июнь коогалаңы боюнча иликтөө иштеринин темпин басаңдатпай, региондор, конфессиялар, улуттар аралык араздашууну алдын алуу боюнча иштерди активдештирүүнү талап кылды. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Былтыр июнь айында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык коогалаң чыгып, 400дөн ашуун адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG