Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Өзбек лидери Ооганстан боюнча эл аралык жыйындарга катышат


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жыл этегинде Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышууга макулдугун берди. Мындай маалыматты АКШнын Ташкенттеги элчилиги таратты.

Каримов 11-октябрда АКШ менен Германиянын Ооганстандагы атайын өкүлдөрү Марк Гроссман жана Михаэл Штайнерди кабыл алды. Кездешүүдөн кийин Штайнер: “президенттин Өзбекстан 2-ноябрда Стамбулда жана 5-декабрда Бонн шаарында өтүүчү жыйындарга катышат деп айтканы бизди кубандырды” деди.

Гроссмандын ырастоосунда, ал конференциялар негизинен Ооганстандын 2014-жылдан кийинки тагдырына арналмакчы. Эл аралык бейпилдик күчтөрү 2014-жылга чейин өлкөдөн чыгарылат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG