Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Ливияда Сирт шаары үчүн салгылашуу күч алды


Ливиянын Сирт шаарында Улуттук утурумдук кеңештин аскерлери менен мурдагы лидер Муаммар Каддафиге жан тарткан күчтөрдүн ортосунда бүгүн айыгышкан салгылашуулар тутанды. Айрым кабарларга караганда, өткөөл бийликтин армиясы шаардын көпчүлүк райондорун ээлеп алды. Каддафинин кичи мекени болгон Сирт үчүн уруш бир нече аптадан бери уланып келатат. Бир аптадай мурун эле кол башчылар аны “бошотууга саналуу убакыт калды” дешкен. Бирок катуу туруштукка туш болушкан. Сирт жана Бани Валид – каддафичилердин колундагы акыркы эки шаар.

XS
SM
MD
LG