Социалдык теңсиздикке каршы демонстрацияларга Жаңы Зеландия, Австралия, Жапонияда жүздөгөн адамдар катышты.
Филиппиндин борбору Манилада ондогон митингчилер АКШ элчилигинин алдына чогулуп, "Америкалык империализм кетсин", «Филиппиндер сатыкка коюлган эмес» деп кыйкырышты. Жалпысынан Азия өлкөлөрүндө демонстрациялар тынч маанайда өттү.
Бул акция Германия, Британия, Италия сыяктуу батыш өлкөлөрүндө өтөөрү дагы маалымдалган. Орусиянын шаарларында "Occupy Russia" ("Орусияны ээлеп ал") деген аталыштагы демонстрациялар өтөөрү кабарланган.
"Уолл Стритти басып ал" кыймылы 17-сентябрда жаштардын чакан тобу Нью-Йоркто «Уолл Стритке» каршы акцияга чыкканда жаралган.