Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Сирияда жаңы Баш мыйзам жазууга комитет түзүлдү


Президент Башар ал-Ассад атайын түзүлгөн комитет Баш мыйзамдын долбоорун төрт айда даярдай тургандыгын билдирди.

Комитетти Сириянын мурдагы юстиция министри Мизхар ал-Аннбари жетектеп, анын курамына 29 киши кирет. Алардын катарында оппозициялык күчтөрдү жетектеген, сириялык коммунисттердин лидери Кадри Жамил дагы бар.

Жаңы Конституция кабыл алуу үчүн парламенттин үчтөн эки бөлүгү колдоп добуш берүүсү шарт. Сирияда парламенттик көпчүлүктү президент көзөмөлдүк кылган "Баас" партиясынын мүчөлөрү түзөт.

Өлкөдө жаңы Баш мыйзам кабыл алууну бийликке оппозиция күчтөр талап кылып келет. Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө, Сирияда нааразылык акциялары башталгандан бери үч миңден ашуун киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG