Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:13

БШК ыкчам топтор менен ийкемдүү кызматташууга чакырат


БШК жарандык коомдун, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен чогуу көчө кыдырып, тизмелерди тактап жатат. Өлкө боюнча ыкчам топтун курамында 6 миңге жакын киши иштөөдө.
БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун билдиргенине караганда шайлоочулар тизме тактап жүргөн ыкчам топторду талапкерлердин үгүтчүлөрү катары кабылдашып, өздөрү жөнүндө маалымат берүүгө маани бербей жатышат.
Жаңы Шайлоо Кодексине ылайык добуш берүүгө мурдагыдай кошумча тизме киргизилбейт, ага жараша БШК шайлоочулардын тизмесин шайлоого үч күн калганга чейин тактап бүтүп, акыркы тизмесин жарыялайт.

БШКнын маалыматына караганда Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси 2001-жылдан бери негиздүү жаңыланган эмес. Буга чейин таратылган маалыматта кыргызстандык шайлоочулардын саны 2 млн. 870 миң деп айтылууда. (ЕК/BuS)

XS
SM
MD
LG