Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Добуштарды туура саноо боюнча жаңы чаралар киргизилди


30-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо бюллетендерге добуш берүүчүнүн идентификациялык даректери киргизилет. Бул чара шайлоочунун кайсы бир талапкер үчүн кайталап добуш берүү мүмкүндүгүн жокко чыгарат.

БШКнын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей шайлоо бюллетендерине добуш берүү учурун сүрөткө тартууга тыюу салынат. Мурунку шайлоолордо шайлоочу өз талапкерине добуш бергендигин чөнтөк телефонго тартып алуу аркылуу далилдөө, соодалашуу тажрыйбасы пайдаланылган.

БШК шайлоочуларды жарандык жоопкерчиликке чакырып, мыйзам бузууларга орун бербөөгө үндөөдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG