Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Таиландда соңку жарым кылымдагы эң чоң суу каптоо жүрүүдө


Атайын күчтөр баш калаа Банкоктун тегерегин бекемдеп, суу каптоону болтурбоо аракетин көрүүдө.

Шаардын көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 2 метр ылдый тургандыктан, Банкокту кесип өткөн Чаупхрая дарыясы ташып, шаарды каптап кетүү коркунучу жогору.

Талиландда суу каптоо башталгандан бери 300гө чукул киши набыт болуп, өлкөнүн үчтөн бир бөлүгү жабыркады. Жалпы чыгым 3 миллиард доллар деп бааланды.

Табигый кырсыктан өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш жана борбордук бөлүктөрү көп жабыркады.

XS
SM
MD
LG